Жогорку Кеңеште балага кош фамилия берүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору каралууга киргизилди

Учурдагы «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга ылайык, балага кош фамилия берүүгө түздөн-түз тыюу салынган.
Мыйзам долбоорунун авторлору бул норманы өзгөртүп, ата-эненин өз ара макулдугу менен алардын фамилияларын дефис аркылуу бириктирип, каалаган тартипте балага берүүгө уруксат берүүнү сунушташууда. Ал эми үч фамилияга тыюу салынат.
Демилгечилер өзгөртүүнүн зарылдыгын жарандардын кайрылуулары менен түшүндүрүшүүдө. Тактап айтканда, фамилиялары ар башка болгон жубайлар балдарына ата-энесинин экөөнүн тең фамилиясынан түзүлгөн фамилия ыйгарууга уруксат берүүнү суранышкан. Бирок азыркы мыйзамдагы тыюуга байланыштуу алардын өтүнүчү канааттандырылган эмес. Маалыматта мындай кайрылуулар бир жолку эмес экени белгиленет.
Ошол эле учурда мыйзам долбоору «матронимди» киргизүүнү көздөбөйт жана атасынын атынын (отчествонун) ыйгарылыш тартибин өзгөртпөйт. Кыргыздардагы «уулу», «кызы», «тегин» сыяктуу аталыш формалары жана ата-бабалардын жетинчи муунга чейинки ысымдарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да сакталат.
Кош фамилия милдеттүү болбойт. Ал ата-эненин экөөнүн тең өз ара макулдугу менен гана берилет. Эгер макулдашуу болбосо, азыркы колдонулуп жаткан тартип сакталат.
Жаңы нормалар буга чейин берилген документтерди кайра тариздөөнү талап кылбайт жана туулгандыгы буга чейин катталган адамдарга тиешелүү болбойт.
Мыйзам долбоору буга чейин 2026-жылдын 17-июнунан тарта коомдук талкуудан өткөн. Талкуудан кийин авторлор негиздемеде бул демилге «матронимди» киргизүүгө байланыштуу эмес экенин өзүнчө такташкан.



