Манас районунда буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 10 тоннага жетти

Талас облусунун Манас районунда 2026-жылы айрым чарбаларда буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 100 центнерге, башкача айтканда 10 тоннага чейин жетти. Бул республикадагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Кыргызстан боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 50–55 центнерди түзөт. Демек, Манас районундагы көрсөткүч орточо республикалык деңгээлден дээрлик эки эсеге жогору.
Мындай жогорку түшүм заманбап агротехнологияларды колдонуу, сапаттуу үрөндөрдү пайдалануу жана агротехникалык иштерди өз убагында жүргүзүүнүн эсебинен алынган.
Адистер заманбап технологияларды жана сапаттуу үрөндөрдү колдонуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатып, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин белгилешет.



