Коом

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну борборго 28-августта мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу, аз кандуулук жана шишиктер менен кайрылган. Бул анын үчүнчү төрөтү.

Үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында жарык дүйнөгө келген. Ымыркайлардын салмагы 2750, 2600 жана 2750 граммды түздү.

Учурда эненин жана жаңы төрөлгөн балдардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button