Коом

Туманбаев жаңы автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жаңы автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Башкармалыктан билдиришкендей, учурда автобекеттин негизги имаратындагы курулуш иштеринин 93-95%ы аткарылып, аймакты жашылдандыруу 96%га жетти. Мындан тышкары, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы автобекет 26 гектар аянтта жайгашып, имараттын жалпы аянты 30 миң чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу комплекс 7 блок, 2 эскалатор, 4 бир орундуу жана 4 кош лифттен турат.

Текшерүүдө курулуш жана инженердик иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, объектти пайдаланууга берүүгө даярдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button