Коом

Кыргызстанда жумуш издөө үчүн мамлекеттик санариптик платформалар иштей баштады

Кыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо үчүн мамлекеттик Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg санариптик платформалары пилоттук режимде иштей баштады. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Порталдар 2026-жылдын 22-июлунан тарта иштеп, жумуш издөөчүлөрдү, иш берүүчүлөрдү жана мамлекеттик органдарды бирдиктүү системага бириктирет.

Жарандар платформалар аркылуу өлкө боюнча бош жумуш орундарын издеп, резюме жайгаштырып, жумуш издөөчү катары катталып, арыздарды онлайн тапшырып жана иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзө алышат.

Ал эми иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын акысыз жарыялап, ылайыктуу адистерди издей алышат.

Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, жумуш менен камсыз кылуу тармагындагы кызматтарды санариптештирүү адам факторунун таасирин азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары, платформалар аркылуу топтолгон маалыматтар мамлекеттик органдарга кайсы кесиптерге суроо-талап жогору экенин талдоого, кадрлардын тартыштыгын аныктоого жана адистерди даярдоону пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.


Кийинчерээк системага электрондук эмгек келишимдерин жана электрондук эмгек китепчелерин киргизүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button