Коом

ӨКМ кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата видеороликтер сынагын жарыялады

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата видеороликтер сынагын жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, сынактын негизги максаты – калктын коопсуздук маданиятын жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кырсык учурунда туура аракеттенүү боюнча билимдерди жайылтуу.

Сынакка коюлган талаптар:

Видеонун форматы:

узактыгы 3 мүнөткө чейин, туурасынан (16:9) тартылышы керек. Сапаты Full HD, сунушталган формат – MP4.

Видеороликтердин темалары:

жер титирөө учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери;

сел жана суу ташкындарынын алдын алуу;

өрт жана суудагы коопсуздук;

балдардын коопсуздугу;

тоодо өзүн алып жүрүү эрежелери;

катуу шамал жана башка жаратылыш кырсыктары учурундагы аракеттер.

Катышуучулар: мектеп окуучулары, студенттер, чыгармачыл топтор жана бардык каалоочулар.

Видеороликти YouTube платформасына жайгаштыруу зарыл. Арыздар жана материалдар 1-октябрга чейин кабыл алынат.

Сынак үч этапта өткөрүлөт: райондук/шаардык, облустук жана республикалык.
Жыйынтыктоочу онлайн добуш берүү 1-октябрдан 7-октябрга чейин ӨКМдин расмий сайтында өтөт.

Эң көп добуш топтогон жеңүүчүлөргө салтанаттуу аземде баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Сынак тууралуу толук маалымат жана жобо шилтемеде жеткиликтүү.

Тектеш кабарлар

Back to top button