Коом

Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Төмөндө куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу билим берүү кызматкерлери, кадырлуу мугалимдер жана педагогдор!

Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Адамзат коомун өргө карай сүрөгөн, азыркы космоско кол серметкен, асман тиреген бийик имараттарды, жолдо жүрүүчү, куруучу, океанды аралаган, асманда чабалаган техниканы жасаганга өбөлгө болгон, тарыхый прогресстин кыймылдаткыч күчү болгон билим. Ошол билимди бир тамчыдан жыйнап океанга айланткан, муундан муунга өткөргөн, жаңы муундарды таптап, тарбиялаган, билим берген, акыл бөлүшкөн тарбиячылардын, мугалимдердин, окутуучулардын, илимий кызматкерлердин жана башка адистердин эмгеги баа жеткис.

Бүгүн билим берүү тармагынын алдында жаңы талаптар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр турат. Заманбап технологиялардын өнүгүшү, эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр көптөгөн адистиктер маанисин жоготуп, ошол эле учурда жаңы кесиптердин пайда болушуна себеп болууда. Замандын талабы билимди турмушта колдоно билүү болуп, колдонмо илимге басым жасалып жатканда сиздер тараптан ушул багытта аракеттер арбын болот деп күтөбүз. Салттуу экономика тармактары менен катар креатив экономиканы өнүктүрүп, илимий изилдөөлөр, тажрыйба конструктордук иштер ийгиликтүү болуп, стартаптар, патенттер көнүмүш ишке айланышы зарыл.

Эң мыкты устат менен эң мыкты шакиртжолукканда гана керемет натыйжа болот. Андыктан, урматтуу мугалимдер, окутуучулар, доценттер, профессорлор, сиздердин окуучулардын, студенттердин илимге, билимге болгон умтулуусу күчтүү болуп, биргелешкен аракет менен жүрөк кубанган ийгиликтерге жетүүңүздөрдү каалайм. Сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин арты менен бүтүрүүчүлөрүбүздүн жалпы республикалык тестирлөөдөгү жыйынтыктары жылдан-жылга жогорулап, алардын алдыңкы жогорку окуу жайларга жол алуусуна шарт түзөрүнө терең ишенем.

Күчтүү, өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү мамлекетти куруу жолунда билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулат.Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап технологияларды жана жаңы окутуу ыкмаларын киргизүү, педагогдордун жана жалпы тармак кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат. 

Урматтуу билим берүү кызматкерлери!

Сиздердин күжүрмөн эмгек, кесипкөйлүк, жоопкерчилик үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздер тарбиялаган, билим бергенжаш муун өлкөбүздүн өркүндөп өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп,  Мекенибиздин жөлөк-тиреги, сыймыгы болоруна ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм! Эмгегиңиздер ар дайым татыктуу бааланып, демиңиздерге дем, ишиңиздерге ийгилик коштолсун. Үй-бүлөңүздөрдө тынчтык, ынтымак жана кут-береке болсун!

Майрамыңыздар менен!” 

Тектеш кабарлар

Back to top button