Коом
Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бул тууралуу мэрия кабарлады.Борбордук стадиондо гала-концерт уюштурулуп, 30 миңден ашуун көрүүчү келди.
«Салтанаттуу иш-чарага мэр Жанар Акаев катышып, шаардын акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерине токтолду. Ошондой эле ал бул мааракенин урматына президент Садыр Жапаров инфраструктураны өнүктүрүү максатында кошумча 2 миллиард сом бөлгөнүн айтты», — деп жазылат маалыматта.
Концертке жергиликтүү артисттер, маданияттын мыкты кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын популярдуу эстрада жылдыздары: JAX 02.14, Амирчик, Жийдеш Идрисова, Хамдам Собировдор катышты.



