Коом

“Манас” аэропортун жаңылоого канча каражат жумшалганы айтылды

“Манас” аэропортун жаңылоого 130 миллион долларга жакын каражат жумшалды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самудинов журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, каражат аба майдандын учуп-конуу тилкесине, аэровокзал комплексине жана жалпы инфраструктурага жумшалган.

Жетекчи бул суммага №2 терминалдагы расмий делегациялар залы кирбей турганын, так эсептөөлөрдөн кийин жалпы чыгым мындан азыраак болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button