Саясат
Президент: Жылдын аягына чейин 20 миңден ашык батир курулуп бүтөт

2026-жылдын аягына чейин Кыргызстандын аймактарында 20 миңден ашык батирди куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда, президент Садыр Жапаров Нарын облусунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, турак жайлар Баткенде, Токмокто, Кара-Балтада, Манаста, Караколдо жана Чолпон-Атада, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда курулууда.
«Биз муктаж болгон жарандар үчүн турак жай куруу саясатын улантабыз. Бул иш турак жайга муктаж болгон ар бир кыргызстандык өз үйүнө ээ болгонго чейин улантылат», — деди Жапаров.
Ошондой эле ал жакында Жумгал районунун Чаек айылында 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталганын билдирди. Комплекс алты кабаттуу сегиз блоктон турат.



