«Газпром Кыргызстан» абоненттерди газ боюнча карызын текшерүүгө чакырды

«Газпром Кыргызстан» компаниясы абоненттерди жылытуу мезгили башталганга чейин газ боюнча карызы бар-жогун текшерип, эгер карызы болсо төлөп коюуга чакырды.
Компаниянын маалыматына ылайык, керектелген жаратылыш газы үчүн төлөм эсептик айдан кийинки айдын 20-күнүнөн кечиктирилбестен төлөнүшү керек.
Карызга байланыштуу газ өчүрүлгөн учурда, карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин газ берүүнү кайра жандандыруу үч жумушчу күнгө чейин созулушу мүмкүн. Кайра кошуу иштерин компаниянын адистери коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүшөт.
«Газпром Кыргызстан» жылытуу мезгилинин башталышында техникалык кызматтарга болгон жүк көбөйөрүн эскертип, кайра кошулуу үчүн кезек күтүүлөр болушу мүмкүн экенин билдирди.
Карызды «Мой газ» жана «Мой дом» тиркемелеринен, gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен, ай сайын берилүүчү квитанциядан же 4444 маалымат кызматынын номери аркылуу текшерүүгө болот.
Газ үчүн төлөмдү «Мой газ» жана «Мой дом» тиркемелери, банктык тиркемелер же абоненттерди тейлөө кеңселеринде жүргүзүүгө болот.



