Окуялар

Бишкек милициясындагы мурдагы жетекчи Сүйүналы Амракулов камакка алынды

20-ноябрда Ленин райондук соту Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Сүйүналы Амракуловду камакка алуу чечимин чыгарды. Бул маалыматты 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө. Амракулов 16-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды.

2025-жылдын 11-ноябрында Амракулов Бишкек ШИИББнин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалган , ал эми 2026-жылдын 27-октябрында ээлеген кызматынан бошотулган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Амракуловдун кармалышы Казакстандан алып келинген телефон аткезчилигине байланыштуу. Буга чейин ЖМКлар алынган телефондордун арасынан бир нече уюлдук телефон жоголуп кеткенин жазышкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button