Коом

Кочкор темир жол станциясынан Бишкектеги ЖЭБге көмүр жөнөтүлө баштады

Кыргызстанда биринчи жолу Нарын облусундагы Кочкор темир жол станциясынан Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жөнөтүү үчүн көмүр жүктөө иштери башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Көмүр жүктөө иштери 10-октябрда Нарын облусунун Теңдик айылында жайгашкан Кочкор станциясында башталган.
Алгачкы ташуу үчүн 15 вагондон турган поезд курамы түзүлүп, ага болжол менен 1 миң тонна көмүр жүктөө пландалууда. Жүктөө иштери аяктагандан кийин поезд борбор калаадагы ЖЭБди отун менен камсыздоо үчүн Бишкекке жөнөйт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына караганда, мындан ары Бишкектеги ЖЭБ үчүн көмүрдү түздөн-түз Кочкор станциясынан үзгүлтүксүз жүктөп жөнөтүү пландалууда.

Бул аркылуу көмүрдү автоунаалар менен ташуунун бир бөлүгү темир жол ташууларына алмаштырылат. Отунду жеткирүү үчүн жаңы Балыкчы — Кочкор темир жол линиясы колдонулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button