Саясат

Садыр Жапаров 15ке жакын бажычы жана чек арачы кармалганын билдирди

Президент Садыр Жапаров 15ке жакын бажычы жана чек арачы кармалганын билдирди. Бул тууралуу ал Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчысы УКМК чек арачылар менен бажычыларга жашыруун камера орнотуп, аларды 15 күндөй көзөмөлдөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, видеодон кызматкерлердин акча чогултуп жатканы көрүнгөн.

«Мен кызматка киришкенден баштап аткезчилик менен бир дагы товар кирбесин деген талапты коюп келем. Импорттолуп келген товарларга бажы төлөмдөрүн төлөш керек. Мына, бюджеттин өсүп жатканы ошолордун эсебинен. Эгер ар бир айылда контрабанда менен иштей берсе, мен экономиканы кантип көтөрөм?» — деди Жапаров.

Өлкө башчы залда отурган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн кармалган бажычылардын абалын сурады. Алардын камакта экени айтылды.

Эске салсак, 9-октябрь күнү президент Бажы кызматынын жана Чек ара кызматынын жетекчилерин алмаштырган

Тектеш кабарлар

Back to top button