Саясат
Президент чек ара жана бажы кызматтарынын жетекчилерин алмаштырды

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара жана Мамлекеттик бажы кызматтарынын жетекчилерин алмаштырды.
«Ынтымак ордо» тараткан кабарда өлкө башчысы жарлыгы менен Чек ара кызматын жетектеп келген Абдикарим Алимбаевди иштен алып, ордуна орун басары Данияр Сатимовду дайындаганы айтылат.
Дагы бир жарлык менен Бажы кызматынын башчысы Алмаз Салиев жумушунан бошотулуп, эми аталган ведомствону төраганын орун басары болуп келген Улан Кимсанов жетектемей болду.
Белгилей кетек, Алимбаев аталган кызматка 2024-жылы декабрда дайындалса, Салиев бул кызматты 2025-жылдын февралынан бери ээлеп келген.



