Коом

Жунушалиев коррупцияга шектелип кармалган орун басарлары боюнча үн катты

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев беш орун басарынын коррупциялык иштерге аралашып кармалганы боюнча УТРКга берген маегинде өз оюн айтты.

Калаа башчысы бул кадрлар ал кызматка келгенге чейин дайындалганын билдирди.

«Мисалы, Максат Сазыкулов мага чейин орун басар, аким болуп иштеген. Учурда Жогорку соттун аны актаган чечими бар, ишинде эч кандай кылмыш аракети жок экен деп аныктады. Жамал Ырсалиев дагы мага чейин кызмат өтөп келген. Ал дагы Жогорку сот тарабынан акталды. Айрымдар мени бул кадрларды алып келип, анан булар камалып кетти деп ойлошот, бул жалган кеп», — деди мэр.

Жунушалиев коррупцияга шектелип кармалган мурдагы вице-мэр Таалайбек Байгазиевге токтолду.

«Ал ТЭЦке жабдууну алууда калкалап берем деп акча алып койгон экен. Бирок анын баары энергетика министринин орун басары болуп турган маалда болгон. Ошону менен мэрияга келген. Мен ошондо ишти колдобойм жана жол бербейм деп ал компанияга кат жолдоп, ишти артка кайтарткам. Ал барып «тияктан өтүп жаткан нерсе бул жактан өтпөй калды» деп акчасын кайтарып берип жаткан жеринен камалды», — деди Жунушалиев.

Шаар башчысы мыйзамсыз иштерди калкалабай турганын белгилеп, президент аны кызматка дайындап жатканда уурулукка жол бербөө тапшырмасын койгонун айтты.

Тектеш кабарлар

Back to top button