Коом
ИИМдин 7702 аскер бөлүгүндө жаш жоокерлердин аскердик ант берүү аземи өттү

10-октябрда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүндө жаш жоокерлердин аскердик ант берүү аземи өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, салтанатка Ички аскерлердин кол башчысынын орун басары — штаб башчысы Рыскелди Байтиков, ардактуу коноктор жана жоокерлердин ата-энелери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш жоокерлер саптык даярдыгын, кол уруш ыкмаларын жана барабанда ойноо чеберчилигин көрсөтүштү. Ошондой эле аскер бөлүгүнүн оркестр-ансамбли музыкалык чыгармаларды аткарышты.



