Бишкекте өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн «Дарика» адаптивдүү спорт борбору ачылды

Бишкек шаарында балдардын физикалык өнүгүүсүнө, реабилитациясына жана коомго аралашуусуна багытталган «Дарика» балдар адаптивдүү спорт борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова, Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү жана башка ардактуу коноктор катышты.
Маалыматка ылайык, жаңы борбор аутизми, балдардын церебралдык шал оорусу (БЦШО), Даун синдрому жана өнүгүүсүндө башка өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт менен машыгуусуна, ден соолугун чыңдоосуна жана физикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүсүнө шарт түзөт.
Борбордун ишин уюштуруу үчүн Түркиядан спорт, реабилитация жана өзгөчө муктаждыгы бар балдар менен иштөө тармагында 24 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар эл аралык адис Дарика Ажар чакырылган.
Мэриянын маалыматына караганда, «Дарика» борборунун ачылышы Бишкекте инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле борбор балдардын спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өзгөчө муктаждыгы бар балдардын коомдук жашоого толук кандуу катышуусуна шарт түзүүгө багытталган.



