Саясат
Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапар менен барарын «Ынтымак ордо» кабарлады.
Маалыматта өлкө башчысы президент Илхам Алиевдин чакыруусу менен Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышары айтылат.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.



