Токтогулда алдамчылык менен 24 жаштагы аял киши кармалды

2024-жылдын 20-ноябрь күнү Токтогул РИИБне, Токтогул районун 14 тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 2024-жылдын 15-август күнү Токтогул шаарынын убактылуу жашоочусу А.Т. аттуу келин алардын ишеничине кирип, аларды ар кайсыл банктан кредит алдыртып, алган суммасынын 10% пайызын мен банктан проценттин кыскартып беремин деп алдап кеткен.
Натыйжада 14 жаран жалпы сумма 2,169,200 (эки миллион бир жүз алтымыш тогуз миң) сомдук чыгым тартышкан.
Аталган факты Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
2024-жылдын 21-ноябрь күнү Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2000-жылы туулган Ноокен районунун тургуну А.Т. аттуу келин Бишкек шаарынан кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал эми 2024-жылдын 22-ноябрь күнү Токтогул райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



