Коом

Кыргызстанга картошка импорттоого алты айга тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан картошка ташып келүүгө жарым жылга тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Чектөө буга чейин жөнөтүлгөн, ошондой эле Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүп жаткан картошкага колдонулбайт.

Сентябрдын аягында өкмөт жергиликтүү дыйкандарга картошкасын сатууга шарт түзүү максатында убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштаган.

Анда түшүм жыйналган маалда импорттун көлөмү жогору бойдон калса ички рынокто сунуш көбөйүп, баасы төмөндөп, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн түшүмүн сатууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүндүгү айтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button