Коом

Кыргызстандын колонияларында үч жашка чейинки балдары менен 10 аял кармалууда

Учурда Кыргызстандагы аялдар колониясында жана тергөө абактарында үч жашка чейинки балдары бар 10 аял кармалууда. Алардын жетөө колонияда, үчөө СИЗОдо.

Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Сарчаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Нилуфар Алимжанова аялдар колониясындагы медициналык тейлөө маселесин көтөрдү. Анын айтымында, мекемеде туруктуу иштеген дарыгер жок жана дары-дармек менен камсыздоо боюнча да көйгөйлөр бар.

ЖАМК өкүлүнүн маалыматына караганда, учурда балдар кармалган блокто капиталдык оңдоо иштери жүрүп, бөлмөлөр кеңейтилүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button