Коом

Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, борбордун директору болуп Бахадыр Хакимович Бебезов дайындалды.

Эске салсак, буга чейин Улуттук онкология жана гематология борборун Нурбек Букуев жетектеп келген. Ал саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button