Бишкектеги массалык жол кырсыгы: Автобустун айдоочусу мас абалда болгон

Бишкекте 15-октябрдын кечинде болгон массалык жол кырсыгынын чоо-жайын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) билдирди.
Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы саат 20:40 чамасында Чүй проспектисинде болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, 1985-жылы туулган З.И.Н. аттуу айдоочу 2024-жылы чыгарылган Zongtong үлгүсүндөгү №38 каттамдагы автобусту башкарып, Чүй проспектиси менен батышты көздөй бара жаткан.
Ал №190 имаратына жакындаганда, ошол эле багытта светофордун жашыл жарыгына өтүп бара жаткан алты унаа менен кагылышкан.
Алардын арасында Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү унаалар болгон.
Жабыркагандардын экөө баш мээси чайкалган деген диагноз менен Улуттук госпиталга кайрылып, амбулатордук медициналык жардам алышкан.
Дагы эки жаран көкүрөк жана моюн омурткалары жабыркагандыктан Чүй облустук ооруканасына кайрылышкан. Аларга да амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Тез жардам борборунун маалыматына караганда, кырсыктан эки адам — эркек киши жана бала жабыркаган.
Жол кырсыгы боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.



