Коом

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, көрүнүктүү архитектор Эдил Айдарбеков кечээ, 18-октябрда, 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эдил Айдарбеков 1947-жылы 21-февралда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган. 1970-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин аяктаган.

Ал эмгек жолунда «Кыргызгипрострой» мамлекеттик долбоорлоо институтунда жана «Фрунзегорпроектте» архитектор болуп иштеп, өлкөнүн архитектура жана шаар куруу тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон. 1976-жылдан тартып СССР архитекторлор союзунун мүчөсү болгон.

Айдарбековдун эң маанилүү эмгектеринин бири — Кыргызстандын мамлекеттик туусун иштеп чыгууга катышканы. Ал Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков менен биргеликте өлкөнүн башкы мамлекеттик символдорунун бирин жараткан.

Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган.

Улуттук маданиятка жана архитектурага кошкон салымы үчүн 2011-жылы Даңк медалы менен сыйланып, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамына татыган.

Тектеш кабарлар

Back to top button