Коом

Өлкөдө 1300дөн ашуун социалдык кызматкер багуусуз калгандарга социалдык кызмат көрсөтөт

Бүгүнкү күндө өлкөдө 1300дөн ашуун социалдык кызматкер багуусуз калгандарга социалдык кызмат көрсөтүп келет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев социалдык коргоо кызматкерлеринин күнүндөгү куттуктоосунда билдирди.

Министр белгилегендей, алар 7 миңден ашуун адамга үйүндө кызмат көрсөтөт. Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга колдоо көрсөтүп, алардын укуктарын коргоого жана келечегине кам көрүүгө өзгөчө салым кошуп жатышат.

«Бул социалдык кызматкерлердин адамгерчилигинин, мээриминин жана коом алдындагы жоопкерчилигинин айкын далили. Ошону менен бирге калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, социалдык кызмат рыногун өнүктүрүү жана кеңейтүү, жаңы заманбап механизмдерди киргизүү сыяктуу иштер улана берет. Биздин кесиптик майрам эң бир боорукер, кайрымдуу жана мээримдүү, жашоосунун маңызы деп жардамга муктаж болгондорго кызмат өтөгөн адамдарды бириктирет. Улуу акылман жазуучу айткандай эле, «Жакшылык жолдо жатпайт, аны кокустан таба албайсың. Адам жакшылыкты адамдан үйрөнөт», — деп белгиледи министр.

Тектеш кабарлар

Back to top button