Маданият

Бишкекте Швейцария менен Кыргызстандын оркестрлери биргелешкен марш-парад өткөрдү

18-октябрда Бишкекте Швейцариянын La Landwehr de Fribourg духовой оркестри менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын оркестри биргелешкен марш-парад өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Музыкалык жүрүш борбор калаанын Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинен башталып, Улуттук тарых музейине чейин уланды. Европадагы эң байыркы духовой оркестрлердин бири Борбор Азияга тарыхында биринчи жолу келди.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлү Акматкулова Кожокулова жана La Landwehr de Fribourg оркестринин президенти Пьер-Андре Паже сөз сүйлөштү.

Катышуучулар маданий алмашуу Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү экенин белгилешти. Швейцариянын элчиси музыка тилдик жана улуттук чек араларды жоюуга жардам берерин айтып, эки оркестрдин биргелешкен аткаруусу элдердин ортосундагы достуктун жана өз ара урматтоонун символу болгонун белгиледи.

La Landwehr de Fribourg — Швейцариянын Фрибур кантонунун жана шаарынын расмий музыкалык жамааты. Ал 1804-жылы негизделген. 220 жылдан ашуун убакыттан бери оркестр Швейцариянын музыкалык салттарын сактап, өнүктүрүп келет. Ошондой эле мамлекеттик салтанаттарга, расмий кабыл алууларга жана эл аралык маданий иш-чараларга катышат.

Оркестрдин Кыргызстанга болгон сапарын «Коммерческий Банк КСБ» ЖАК жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган.

Маданий программа 21-октябрда уланат. Бул күнү швейцариялык музыканттар К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттерине мастер-класс өткөрүшөт.

Ал эми 22-октябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Эки тоолуу өлкөнүн обону» аттуу концерт өтөт. Анда швейцариялык жана кыргызстандык композиторлордун чыгармалары аткарылып, кыргыздын улуттук аспаптары менен европалык духовой оркестрдин биргелешкен чыгармалары тартууланат.

Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстан менен Швейцариянын маданий байланыштарын бекемдөө жана искусство, музыкалык билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү.

Тектеш кабарлар

Back to top button