Токтогул суу сактагычында 11,3 млрд куб метр суу бар

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 345 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков парламенттин Өнөр жай саясаты, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, маалыматтар 15-октябрга карата берилген.
Министр Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы сакталып жатканын белгиледи. Аны жабуу үчүн өлкө жыл сайын чет мамлекеттерден 4 млрд киловатт-саатка жакын электр энергиясын импорттойт.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын октябрь айынын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 374 млн куб метрди түзгөн. Ал эми 2024-жылдын 15-октябрында суу запасы 13 млрд 219 млн куб метрге жеткен. Бул 2026-жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 1 млрд 874 млн куб метрге көп.
Буга чейин тиешелүү кызмат адамы кыш мезгилинде электр энергиясын пландуу өчүрүү жана чектөө каралбаганын билдирген. Бирок электр энергиясы көп колдонулган сааттарда кошумча чараларды көрүү зарылдыгы жаралышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 15-майынан тартып «Электр станциялары» ААКсы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү, агымы жана чыгымы тууралуу күнүмдүк маалыматтарды жарыялоону токтоткон. Компания мунун себебин суу сактагыч стратегиялык мааниге ээ объект болгондуктан, маалыматтар «кызматтык пайдалануу үчүн» деген категорияга киргизилгени менен түшүндүргөн.



