Коом

Бишкекте 750 орундуу дагы бир мектеп курулду

Борбор калаадагы Достук айылында 750 орундуу мектеп курулду.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 6500 чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Ошондой эле мектепти электр энергиясы менен камсыздоо максатында кубаттуулугу 40 Вт болгон күн панели орнотулду.

Учурда мектептин ичин тазалоо жана эмеректерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button