Жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирет

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө» республикалык кеңешмесинде билдирди.
«Билим алуу жеткиликтүү болушу үчүн жакын арада студенттик насыя берүү боюнча узак мөөнөттүү ыкма ишке кирет», — деди президент.
Мындан тышкары, президент жаштарга билим берүү тармагынын келечегине токтолуп, университеттерди фундаменталдык, кибернетикалык жана инженердик-техникалык адистерди даярдоого багыттап, ал эми мектептерде STEM багытындагы сабактарга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Ошондой эле дүйнөгө таанымал алдыңкы университеттер менен кош диплом программаларын өнүктүрүүгө жана алардын филиалдарын өлкөдө ачууга шарт түзүлөрү белгиленди. Муну менен катар кесиптик билим берүүдө реалдуу рыноктун талаптары эске алынып, окуу программалары ошого жараша түзүлөрү маалымдалды.



