Президент: Социалдык саясаттын борборунда үй-бүлө турушу керек

Президент Садыр Жапаров «Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө» республикалык кеңешмеде өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги принциптерин белгиледи.
Алар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жеке менчикти коргоого, үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун камсыз кылууга, ишкерлерди колдоого жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы баскычына кадам таштады. Эми жетишилген натыйжаларды ар бир үй-бүлөнүн жашоо деңгээлин жогорулатууга багыттап, өлкөнүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу зарыл.
Президент белгилегендей, мамлекет социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн стратегиясын аныктап, анын ишке ашырылышын камсыз кылууга тийиш. Ошол эле учурда жарандардын жана ишкерлердин мамлекетке болгон ишенимин арттыруу үчүн жеке менчикти коргоо негизги принцип болушу керек.
«Социалдык саясаттын борборунда үй-бүлө жана бала турушу керек. Мындан тышкары, ачык жана жоопкерчиликтүү иш жүргүзүп, салык төлөп, жумуш орундарын түзгөн ишкерлер ар тараптуу колдоого алынууга тийиш», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Ошондой эле ар бир райондо жумуш орундарын түзүү жана өнүгүүгө шарттарды камсыз кылуу аркылуу аймактардын экономикалык өсүшүнө жетишүү негизги милдеттердин бири катары белгиленди.



