Коом

«Манас» эл аралык аэропорту Германиянын TRIWO Hahn аэропорту менен өнөктөш болот

«Манас» эл аралык аэропорту менен Германиянын TRIWO Hahn аэропорту аэропорттор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишим түзүштү.

Кызматташтыктын негизги максаты — жүргүнчү жана жүк ташуучу аба каттамдарын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана жаңы авиакомпанияларды тартуу.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулган иш сапардын алкагында TRIWO Hahn аэропортунун жетекчилиги «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын коммерция боюнча директору Аман Мамаев баштаган делегацияга аэропорттун ишмердүүлүгүн тааныштырды. Делегация аэропорттун инфраструктурасы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана жүк ташуу комплексинин иши менен таанышты.

Бул кызматташтык Кыргызстандын Европа Биримдигинин авиациялык кара тизмесинен чыгарылып, Европа менен аба каттамдарын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылган шартта өзгөчө мааниге ээ.

Өнөктөштүк «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын эл аралык позициясын бекемдөөгө, ошондой эле өлкөнүн авиациялык жана транзиттик-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button