Коом

Боом капчыгайында 26-30-октябрь күндөрү унаа кыймылына чектөө киргизилет

26-октябрдан 30-октябрга чейин Боом капчыгайындагы Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, иштер күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилип, жолдун бир тилкеси аркылуу өткөрүү уюштурулат.

Эгер унаалардын кезеги 30-40тан ашса, транспорт каражаттарынын өтүүсүн камсыз кылуу үчүн иштер убактылуу токтотулат.

Айдоочулардан жол жүрүү багытын алдын ала пландап, мүмкүн болгон кечигүүлөрдү эске алуу суралат.

Тектеш кабарлар

Back to top button