Коом
27-октябрга карата аба ырайы

Бүгүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй аймагында +12…+17, Талас, Нарын өрөөндөрүндө +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10…+15 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +14…+16 градуска чейин жетет.



