Саясат

Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Бул тууралуу «Ынтымак ордодон» кабарлашты.

Мындай чечимди Түрк өлкөлөрдүн лидерлери кабыл алган. Сыйлыкты Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган тапшырды.

Жапаров бул сыйлык анын жеке эмгегин гана таануу эмес экенин, бул кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button