Коом

Онкология борборунда жасалма интеллект менен жабдылган 4 УДИ аппараты орнотулду

Улуттук онкология жана гематология борборуна жасалма интеллект менен жабдылган Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү төрт заманбап ультрадобуштук аппарат орнотулду. Бир аппараттын баасы 8 млн 400 миң сомду түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, жаңы аппараттар орнотулганга чейин борбордо төрт ультрадобуштук диагностикалык система иштеп келген. Бейтаптардын агымынын көптүгүнө байланыштуу диагностикалык бөлүмгө күч келип, бул текшерүүдөн өтүүнү күтүү убактысынын узарышына алып келген.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев диагностикалык жабдууларды жаңылоо медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.

«Жасалма интеллект технологияларын киргизүү өзгөчө маанилүү. Алар дарыгерлердин ишинде кошумча интеллектуалдык жардамчы болуп кызмат кылат. Ошондой эле эхокардиографиялык изилдөөлөрдү түздөн-түз онкологиялык борбордо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда. Бул бейтаптардын, анын ичинде шишикке каршы дарылоо курсунан өтүп жаткан адамдардын абалын комплекстүү баалоого жана жүрөк-кан тамыр системасындагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү өз убагында көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет», — деди Букуев.

Жасалма интеллект дарыгерге интеллектуалдык жардамчы катары ультрадобуштук сүрөттөрдү талдоого, шектүү патологиялык очокторду аныктоого, ар кандай органдардагы жана ткандардагы өзгөрүүлөрдү баалоого жардам берет.

Бул технологияларды калкан сымал безди, сүт бездерин, боор, бөйрөк, уйку безин, көк боор жана башка органдарды изилдөөдө колдонууга болот.

Ошондой эле эхокардиографияны, башкача айтканда, жүрөктү ультрадобуш аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Буга чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда мындай изилдөө жүргүзүлгөн эмес.

Бул химиотерапиядан өтүп жаткан онкологиялык бейтаптар үчүн маанилүү. Анткени шишикке каршы айрым дары-дармектер жүрөк булчуңуна жана жүрөк-кан тамыр системасына таасир этиши мүмкүн. Эми адистер дарылоону баштаганга чейин, химиотерапия учурунда жана операциядан кийинки мезгилде жүрөктүн иштешин баалап, мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктап, бейтаптардын абалын көзөмөлдөй алышат.

Андан тышкары Кыргызстандын онкологиялык практикасында алгачкы жолу бул технологияларды простата безин жана жамбаш көңдөйүндөгү органдарды изилдөөдө колдонуу пландалууда.

Mindray Resona R9 контрасттык ультрадобуштук изилдөөлөрдү жана эластографияны жүргүзүүгө да мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button