Коом
Чаткал району: Компания жергиликтүү калк менен кызматташууну улантат

Равшанбек Сабиров «Чаарат ЗААВ» ЖАКтын өкүлдөрү менен инвестициялык долбоорду мындан ары ишке ашыруу маселелерин талкуулады.

Жолугушууда компаниянын социалдык жоопкерчилиги жана Чаткал районунун жергиликтүү калкы менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер да талкууланды.

Компания жергиликтүү коомчулукту колдоп, социалдык мааниге ээ демилгелерди ишке ашырууга катышып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жатканы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантууга жана инвестициялык долбоорду туруктуу ишке ашыруу максатында ачык диалогду сактоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.


