Маданият

Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракеси белгиленди

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, театр жана кино актёру Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мааракеге арналган салтанаттуу иш-чарада өнөр ээсине маданият министрлигинин Ыраазычылык каты жана Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевдин атынан уюмдун төш белгиси ыйгарылды.

Иш-чаранын алкагында Кенжекул Мендебаировдун “Акым бар” аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болуп, автордун чыгармаларынан турган концерттик программа тартууланды.

Кечеде чыгармачыл инсандын басып өткөн жолу, кыргыз маданиятына кошкон салымы жана улуттук искусстводогу орду белгиленди.

Тектеш кабарлар

Back to top button