Коом

Бишкектеги «Ак жорго» кооперативине гараждарды алуу үчүн мөөнөт коюлду

Бишкекте «Ак жорго» кооперативиндеги гараж ээлерине объектилерди өз ыктыяры менен алуу үчүн 2027-жылдын 1-мартына чейин кошумча мөөнөт берилди. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, «Ак жорго» гараж кооперативи жайгашкан муниципалдык жер тилкеси мектеп жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында убактылуу пайдаланууга берилген.

«Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиясы тарабынан 2026-жылдын 7-сентябрында кабыл алынган. Ага ылайык, жалпы аянты 2,183 гектарды түзгөн жер тилкеси 25 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.

Долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүү үчүн аталган аймакты гараждардан бошотуу зарыл.

Буга чейин «Ак жорго» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү тарабынан жер тилкесин 2026-жылдын 7-декабрына чейин бошотуу боюнча кепилдик берилген.

Ошол эле учурда гараж ээлеринин кайрылууларын эске алуу менен демонтаждоо мөөнөтүн 2027-жылдын 1-мартына чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Жер тилкеси бошотулгандан кийин инвестор курулуш иштерин баштоого мүмкүнчүлүк алат.

Келишимдин шарттарына ылайык, жер тилкесинин функционалдык багыты өзгөртүлбөйт, ал эми курулушту аяктоо мөөнөтү жер тилкеси берилген күндөн тартып үч жылды түзөт.

Ижара мөөнөтү аяктагандан кийин жер тилкеси курулган объект менен бирге муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Белгиленген мөөнөттө курулуш иштери аткарылбаган учурда жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылат», — дейт мэрия.

Тектеш кабарлар

Back to top button