Кыргызстандын түштүгүндө баңгизат сатып, коңшу өлкөгө жеткирген канал аныкталды

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында, ошондой эле коңшу мамлекеттерге ташып өткөрүү менен баңгизаттарды жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Х.М. аттуу КР жараны кармалды.

Иш-чаралардын жүрүшүндө жалпы салмагы 7,2 кг болгон өсүмдүк тектүү баңгизаттар алынды. Ошондой эле кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан сырттан келген адамдарды кылмыштуу чөйрөгө тартуу жана аларды баңгизат ташуучу курьер катары пайдалануу максатында даярдалган, жалпы салмагы 25,8 кг болгон баңгизаттардын муляждары табылды.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек аранын начар кайтарылган тилкеси аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүү боюнча мыйзамсыз канал аныкталды.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө улантылууда.



