Спорт

Кыргызстандык дзюдочу кыз Жанар Жолдошева тарых жаратты

Кыргыз дзюдосунун тарыхы дагы бир жетишкендик менен толукталды.

Тарыхый окуя Ташкентте өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында болду.

21 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнирде Жанар Жолдошева финалга чыга алды. Мындай учур буга чейин кыргыз дзюдочуларында болгон эмес.

20 жаштагы Жолдошева мелдешти 1/16 финалдык баскычтан баштап, анда Европанын чакан мамлекеттеринин оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү, ошондой эле юниорлор арасындагы Иорданиядагы Азия кубогунун жана Тунистеги Африка кубогунун жеңүүчүсү кипрлик Марина Азинаны иппон менен жеңип алды.

Кыргызстандык спортчунун кийинки атаандашы канадалык Хейден Тибо — 2026-жылдагы юниорлор арасындагы Европа кубогунун, Панамерика ачык кубогунун жана Панамерика чемпионатынын коло байге ээси болду. Кыргызстандык спортчу иппон менен жеңип, кийинки раундга чыкты.

Чейрек финалда Жолдошева 19 жаштагы орусиялык Дарья Купцова менен кездешти. Беттеш болгону 28 секундга созулуп, кыргызстандык спортчунун жеңиши менен аяктады.

Ошентип кыргызстандык спортчу дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгып, Эрлан Шеровдун 2024-жылы БАЭде өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатындагы жетишкендигин кайталады.

Жолдошеванын кийинки атаандашы 57 кг чейинки салмакта Франциянын юниор кыздар (U-21) арасындагы улуттук рейтингинин биринчи номуру Кларисс Карийон болду. Ал 2026-жылы юниорлор арасында Франция чемпионатын жана Португалиядагы Европа кубогун утуп алган, ошондой эле юниорлор арасында Европа кубогунда жана Черногориядагы Европа чемпионатында байгелүү орундарга илинген. Айыгышкан беттеш толук 4 мүнөткө созулуп, 1 юко артыкчылыгы менен кыргызстандык спортчунун жеңиши менен аяктады.

Жанар Жолдошева дүйнө чемпионаттарында финалга чыга алган кыргыз дзюдосунун алгачкы өкүлү болуп калды.

Анын финалдагы атаандашы чоңдор арасындагы дүйнөлүк рейтингде 14-орунду ээлеген 18 жаштагы моңголиялык Ариунзая Тербиш болду. 2026-жылы ал Кытайдагы чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын, Тажикстандагы Чоң шлемдин жана Жапониядагы Азия оюндарынын финалына чейин жеткен.

Чечүүчү беттеште айыгышкан күрөш жүрүп, негизги убакыт аяктагандан кийин бир юко айырмасы менен жеңишти Моңголиянын өкүлү камсыздады.

Жанар Жолдошева Кыргызстандын дзюдо боюнча тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын күмүш медалын алды

Тектеш кабарлар

Back to top button