Кыргызстандын өспүрүм футболчулары Бишкекте Моңголияны жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы Азия кубогунун (U-17) тандоо раундунда Моңголиянын курамасын жеңди.
Беттеш 20-ноябрда Бишкекте өттү.
35-мүнөттө Моңголиянын командасы Кыргызстанды командасынын орой катасынан кийин эсепти ачты. Умар Темирбеков атаандаштын чабуулчусун дарбазачы менен бетме-бет калтырып койду — 1:0.
Экинчи таймда Игорь Кудренконун шакирттери пенальти тебүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Топту команданын капитаны Ариет Абилов тепти, бирок дарбазачыны жеңе алган жок. Топ кайрадан Абиловго кайтып келди, ошондо гана гол киргизе алды — 1:1.
Оюндун аягында Кыргызстандын командасы дагы бир гол киргизди.
Кыргызстандыктар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти, бирок бул жыйынтык тайпада 1-орунду ээлөөгө жетишсиз болду жана команда Азия кубогунун жолдомосунан кур калды.



