Коом

Кыргыз тилиндеги мультфильмдерди тартууга 200 млн сом бөлүү каралууда

2027-2028-жылдарга кыргыз тилиндеги мультфильмдерди тартууга 200 млн сом бөлүү каралууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, балдарга арналган кыргыз тилинде контентти көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Быйыл бул үчүн 50 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле ал бала бакча курагындагы балдарга ылайыкталган жомок китептерин басып чыгаруу иштери да жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button