Коом

Бул жылы социалдык жөлөк пулга 8,9 млрд сом бөлүндү

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда республикалык бюджеттен социалдык жөлөк пулга 8,9 млрд сом бөлүндү, дагы 1,9 млрд сом жеке жардамчылардын кызматтарына багытталды. Бул тууралуу 27-ноябрда Эмгек министрлиги балдардын муктаждыктарына бюджеттик чыгашаларды белгилөө системасын киргизүүгө арналган тегерек столдун жыйынтыгында маалымдады.

Талкууга Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгы, Каржы министрлиги, Эмгек министрлиги жана ЮНИСЕФ катышты.

Жаңы система мамлекеттик чыгашалардын ачык-айкындуулугун жогорулатып, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүнү жакшыртып, балдарга байланыштуу программаларды каржылоонун натыйжалуулугун баалоого мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. Биринчи баскычта майыптыгы бар балдарды колдоого кеткен чыгашаларга көңүл буруу пландалууда.

Эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы мындай балдарга жана аларды багып жаткан үй-бүлөлөргө карата колдонулуп жаткан колдоо чаралары тууралуу айтып берди.

Сөз социалдык жөлөк пулдар, реабилитациялык жана социалдык кызматтар, техникалык реабилитациялоо каражаттары жана жеке жардамчылардын кызматтары жөнүндө болуп жатат.

Эмгек министрлигинде бул чараларды каржылоо баскыч-баскыч менен көбөйтүлө турганы пландалып жатканын маалымдашты.

Тегерек столдун катышуучулары, ошондой эле чыгашалар системасын андан ары киргизүүнү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана балдардын муктаждыктарын эске алуу менен бюджеттик каражаттарды так пландоону талкуулашты.

Тектеш кабарлар

Back to top button