Дүйнө

Франциянын өкмөтү отставкага кетти

Франциянын Улуттук жыйыны премьер-министр Франсуа Байруга ишеним көрсөтпөстүк вотумун билдирди. «France 24» каналынын маалыматына ылайык, өкмөт 9 ай бийликте турган соң отставкага кетет.

Байруга каршы 364 депутат добуш берди. Аны 194 депутат колдоду. Добуш берүүнү ал өзү Франциянын мамлекеттик карызын азайтуу үчүн мамлекеттик чыгымдарды дээрлик 44 млрд еврого кыскартууну сунуштап, үнөмдөө планынан улам келип чыккан кризистен кийин демилгелеген. Байру, атап айтканда, салык ставкаларынын, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн жана пенсиялардын учурдагы деңгээлин тоңдурууну сунуштаган.

Эми Байру 9- сентябрда Франциянын президенти Эммануэл Макронго отставкага кетүү тууралуу арыз берет. Ал Макрон 2017-жылы шайлангандан берки 6-премьер-министр жана 2022-жылдан берки 5-премьер-министр болуп калды.

Тектеш кабарлар

Back to top button