Окуялар

Бишкекте тартип бузган үч чет элдик жаран Кыргызстандан чыгарылат

Бишкекте коомдук тартипти бузган үч чет элдик жаран социалдык тармактарга тараган видеодон кийин кармалды.

Бишкек ШИИББнин маалыматына ылайык, кармалгандар — 1996-жылы туулган М.К., 1984-жылы туулган Ч.Ш. жана 1988-жылы туулган Д.Г.

Алдын ала маалымат боюнча, 21-июль күнү кечинде Логвиненко көчөсүндө алардын бири турак үйдүн короосунда коомдук жайда дааратканага отурган. Анын жанындагы эки адамдын бири мас абалында болуп, дагы бири коомдук жайда тамеки чеккен.

Аларга карата КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») жана 83-беренеси («Белгиленбеген жерлерде тамеки чегүү») боюнча протоколдор түзүлдү. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.

Тиешелүү жол-жоболор бүткөндөн кийин чет элдик жарандар Кыргызстандын аймагынан чыгарылары маалымдалды.

Тектеш кабарлар

Back to top button