Коом

Авиаагенттер билет сатууда тарифтерди жана кайтаруу шарттарын ачык көрсөтүүгө милдеттендирилет

Кыргызстанда авиабилеттерди брондоп сатуучу компаниялар менен жеке ишкерлерди милдеттүү каттоодон өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизүү сунушталууда.

Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Пилоттук долбоор 11 айга эсептелген. Авиабилет сатуучулардын реестрин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.

Долбоордун авторлору мындай демилгени жүргүнчүлөрдүн жашыруун төлөмдөр, тарифтер тууралуу туура эмес маалыматтар, билеттерди кайтаруу жана алмаштыруу шарттары, ошондой эле социалдык жактан аялуу жарандарды тейлөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча даттануулары менен түшүндүрүшүүдө.

Авиакассалар жана агенттиктер үчүн бирдиктүү талаптар киргизилет. Алар жүргүнчүлөргө тарифтин шарттары, билетти кайтаруу жана алмаштыруу эрежелери, жүктү ташуу нормалары, ошондой эле кош бойлуу аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташуу өзгөчөлүктөрү тууралуу алдын ала маалымат берүүгө милдеттүү болот.

Ошондой эле авиакасса кызматкерлерине жана колдонулган брондоо системаларына талаптар коюлат. Бийлик бул чаралар аркылуу каржылык алдамчылыктардын, жеке маалыматтардын чыгып кетишинин жана глобалдык брондоо системаларына уруксатсыз кирүүнүн алдын алууну көздөөдө.

Пилоттук долбоор аяктагандан кийин бийлик авиабилет сатуучуларды каттоо жана эсепке алуу механизмине баа берет. Документти ишке ашырууга республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button