Окуялар

Каршы тилкеге чыккан жеңил унаа автобус менен сүзүштү (фото)

Бүгүн, 21-январда, Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагында жол кырсыгы катталып, ал жерде үч адам мерт болуп, 6 киши ооруканада жатат.

Аталган кырсыктан кийин сыныктар бөлүмүнө төрт киши, жандандыруу бөлүмүнө эки киши түштү. Абалы орточо. Үч киши окуя болгон жерден көз жумган экен. Жаш балдар жок, баары чоң кишилер. Каза болгон 3 киши жеңил унаанын ичинде болгон.

Кичи автобус Кара-Балтага кетип бараткан экен. Жеңил унаада беш киши болгон. Анын үчөө каза болуп, экөө жандандыруу бөлүмүнө жатышты. Алардын бири ошол жеңил унаанын айдоочусу. Ал эми сыныктар бөлүмүнө кичи автобуста бараткан төрт киши жатты. Анын бири айдоочу  болгон.

Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, эртең менен саат жети чамасында Сокулук айылында «Хонда Аккорд» каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрү бар кичи автобус менен сүзүшкөн. Кичи автобус Бишкек—Кара-Балта багытында келе жатканы белгилүү болду. Жеңил унаадагы катуу жаракат алган 3 жүргүнчү көп узабай көз жумган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button