Окуялар

Өспүрүм бала кулчулукка сунушталып жатат. Артында ким турат?

Интернетке 10-11 жаш чамасындагы бала кулчулукка «сатылып» жатканы боюнча маалымат тарады. Анын баасы 200 сом деп белгиленген.

Кулчулукка сатылган бала тууралуу билдирүү Lalafo сервисине жарыяланган. Муну көргөн соцтармак колдонуучулары укук коргоо органдары окуяны териштирүүсү керектигин жазып чыгышты.

«Бул аккаунттун башка жарыяларын карай турган болсок, анын ээси 2-класстын окуучусу экенин түшүнүүгө болот. Ал буга чейин китеп, наклейкаларды сатып жүргөн. Кимдин сүрөтүн колдонгонун, тилекке каршы, айта албайм. Биз ага жазып көрдүк, бирок жооп берген жок», — деди Фейсбук баракчасынын колдонуучуларынын бири.

Ал эми Бишкек ШИИББ бул маалыматты тактоого алганын кабарлашты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button