Коом

Ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы

“Биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Ар бир адам үчүн бала – жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайым муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл. Ушул максатта 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялоону чечтим”. Бул мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун жаңы жылдык куттуктоосунан үзүндү.

Демек, бул жылы, келечек муундун көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бөлүнүп, казынадан бул максатта көбүрөөк каражат сарпталаары, айдан ачыкталып калды. Жылдын башында, президенттин жарлыгы менен, балдарды, өзгөчө жетим балдарды, оор турмуштук жагдайда калган балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныкталды. Анткени, өлкөдө 18 жашка чейинки, 2 млн 381 миңден ашык балдар жана өспүрүмдөр бар. Бул жалпы калктын үчтөн бир бөлүгү дегендикти билдирет. Тагыраак айтканда:

• 46% — 7 жашка чейинкилер (1млн.97 миң)

• 42% — 7-14 жашка чейинкилер (988 миң)

• 12% — 15-17 жашка чейинки өспүрүмдөр (296 миң)

Балдардын, алардын ичинен камкордукка муктаж бөбөктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Жакырчылыкта жашаган, мектепке чейин билим албаган жана ар кыл себептер менен кароосуз калган балдардын көрсөткүчү тилекке каршы жогору бойдон калып жаткандыгы күчүнө кирген жарлыкта да белгиленген. Социалдык коргоо, бала багып алуу, асырап алуу, кам көрүү системасында коррупциялык көрүнүштөр жоюла элек. Ал эми, коомдо балдар зомбулук менен басмырлоого туш болуп жаткандыгы, кечээки эле, Сузактагы 2 жаштагы бөбөктүн сабалып өлтүрүлгөндүгү менен эле айгинеленип турат.

Бирок, калктын аярлуу катмары, келечек ээлеринин мамлекеттик камкордукка алынышы, бир ай боло электе эле кыймылга келе баштагандай. Эки күн мурда, өлкө башчысы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алып, татаал турмуштук жагдайга кабылган жана өзгөчө балдарды колдоонун жаңыча механизмдерин жана ыкмаларын иштеп чыгууга көңүл бөлүүгө чакыргандыгы дагы бир жолу коңгуроо болду.

Министрдин маалыматына ылайык, балдар жөлөк пулдарын алуучулардын санын 60 миңге көбөйтүүгө жана каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана санын көбөйтүүгө мүмкүн болгон. Муну менен бирге бала төрөлгөндө бир жолку «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун берүү процедурасы жеңилдетилип, толугу менен автоматташтырылган, ашыкча бюрократия жокко чыгарылган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри татаал турмуштук жагдайга кабылган балдардын автоматташтырылган базасы иштелип чыкканын кошумчалады.

Учурда өлкөнүн 5 районунда бул системаны пилоттук иштетүү жүргүзүлүп жатат. Улукбек Кочкоров балдардын автоматташтырылган маалыматтык базасы 2020-жылдын март айында толук кандуу ишке кириши күтүлүп жатканын белгиледи. Ага чейин, үймө үй кыдырылып, мигранттардын балдарды каттоого алынгандыгын айта кетүүбүз абзел. Ошондой эле, асырап алууга мүмкүн болгон балдардын тизмеси маалыматтар базасына киргизилген. Ага улай эле, аталган министрлик тарабынан эл аралык кайрымдуулук фонддорунун колдоосу менен 355 жетим балага 8млн 552 миң сом жөлөк пул таратылды.

Ал эми, вице-премьер-министр, парламент радиосуна берген интервьюусунда быйыл ар бир райондо эки – үчтөн, жалпысынан 100 балдарды жаштайынан өнүктүрүү борборлору ачылаарын айтты. Ошондой эле, төрөлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик каттоосу жок болгон бардык балдар өздүгүн ырастаган документтер менен акысыз камсыздалаарын ачыктады. Бул кадамдарга улай, Бишкек мэриясы, мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздаган “окуучу коопсуздукта” аталышын алган тиркемени иштеп чыккандыгын жарыя салды. Долбоордун бири, ата-энелерге, бири мектеп окуучуларына арналат. Ал аркылуу баланын басып турган жерин көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошондой эле, бала ыңгайлуу убакта 111 ишеним байланышына чала алат.

Эми окуусун карап туруу үчүн “Электрондук күндөлүк” тиркемеси да ишке киргени турат. Баткенде болсо, мектептерди электрондук форматка өткөрүү боюнча “акылдуу мектеп жана смарт мугалим” долбоору 58 мектепте, 10 бала бакчага киргизилиптир. Саналган маалыматтар менен иш-чараларга, республика боюнча курулушу башталган мектеп, бала-бакчалардын санын кошконубуз жок. Маалыматтар ушул айда эле массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, көңүлүмдү бургандары болгонун белгилей кетейин. Ал ортодо, 3000 ге жакын мүмкүнчүлүгү чектелеген балдар конституциялык билим алуу укугу менен толук кандуу колдоно албай жаткандыгы белгилүү.

Андыктан, муз ордунан жыла баштаганы менен дагы толгон-токой иштер бар экендигин да айта кетүүбүз абзел. Коом, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү жана аткаруу бийлигиндегилер, келечегибиз болгон балдар маселесине келгенде, сөзсүз биримдикте аракет кылышыбыз керек. Менин жеке пикиримде болсо, биз жаш муундарды маалыматты иргеп алууга үйрөтүшүбүз керек. Анткени, азыр бардык мектеп окуучулары бош убактыларын социалдык түйүндөрдө отуруу менен өткөрүшөт. Бул замандын агымы болгону менен, туура эмес оюн же тиркеменин басымында калбоосуна кепилдик жок. Мисалы, АКШда жана бир катар Европа мамлекеттеринде жашы жете электерди интернеттеги зыян маалыматтардан коргоо жөнүндө мыйзамдар 20 жыл мура эле кабыл алынган. Балким, бизде дагы бул багыттагы жаңы мыйзамдар жана механизмдер керектир? Бул албетте башка тема. Азыр болсо, бир эле айдагы аракеттерга карата, балдары коргоо жылы жакшы жемишин берет деген үмүт чоң.

Гүлзада Шаршеналиева, журналист

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button